www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги отуруму башталаар алдында, саламдашуу жана биргеликте сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.
Күн тартибинде ЕАЭБдин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары: Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны эртең 27-мартта улантылып, ондон ашуун маселе каралат.