www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиялык жыйыны болуп өттү. Анда министрликтин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, алдыдагы мезгилге коюлган негизги милдеттер талкууланды.
Коллегиянын ишине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, социалдык маселелер жана аялдар иштери боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Гүлнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев, коллегия мүчөлөрү, ошондой эле тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.
Жыйында Канат Сагынбаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча министрлик Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планын аткаруу боюнча «мыкты» деген баа алганын белгиледи. Бул көрсөткүч министрлик тарабынан 2022-жылдан бери туруктуу түрдө көрсөтүлүп келет.
Коллегиянын жүрүшүндө эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү, миграциялык саясатты ишке ашыруу, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, социалдык контрактты өнүктүрүү жана социалдык жөлөкпулдардын даректүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды. Эмгек министри Канат Сагынбаев кабыл алынган бардык чечимдер конкреттүү жыйынтыкка жана жарандардын жашоо сапатын реалдуу жакшыртууга багытталышы керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү ылдамдатууга, жасалма интеллекттин негизиндеги аналитикалык инструменттерди киргизүүгө жана министрликтин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Маалыматка ылайык, «Социалдык контракт» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 48 миңден ашуун үй-бүлө кайтарымсыз колдоого ээ болуп, айрым катышуучулар жылдык кирешесин 1 миллион сомдон жогору деңгээлге жеткире алышкан. Ошол эле учурда долбоордун туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн системалуу чечимдерди талап кылган көйгөйлөр да белгиленди.
Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү, МСЭК системасын реформалоо жана министрликтеги кадр саясаты маселелери өзүнчө каралды. Канат Сагынбаевдин айтымында, 2026-жылга коюлган негизги милдеттердин бири — түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун негизги көрсөткүчтөр (KPI) аркылуу баалоого өтүү болуп саналат.
Жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынып, министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө конкреттүү тапшырмалар берилди.