www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун коллегиялык жыйында 2025-жылдагы жетишилген жыйынтыктар – бул жагымдуу конъюнктуранын же бир жолку чаралардын натыйжасы эместигин билдирди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин тапшырмаларынын негизинде ишке ашырылган мамлекеттик саясаттын мыйзам ченемдүү натыйжасы жана эң негизгиси – бул Салык кызматынын жалпы жамаатынын системалуу, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү эмгегинин жыйынтыгы экендигин баса белгиледи.

Төрага белгилегендей, 2025-жылдын эң башкы жыйынтыгы ашыкча аткарылган пландын көрсөткүчүндө гана эмес, негизги жыйынтык – бул мамлекет менен салык төлөөчүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү философиясынын өзгөргөндүгү.

“Биз “контролдоочу жана мыйзам бузуучу” моделинен “мамлекет жана өнөктөш” мамилесине өтө баштадык. Дал ушул ой жүгүртүүнүн өзгөрүшү бюджетке да, жалпы экономикага да реалдуу таасир берип, өнүгүүнүн динамикасы жана цифралар менен тастыкталды”, – деп баса белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.

 

Последние новости