www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия канцлери Фридрих Мерц Персия булуңуна үч күндүк иш сапары менен барды. Ал Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары менен энергетика, инвестиция жана коргоо тармагында кызматташтыкты бекемдөөнү көздөйт.
Мерцти Deutsche Bank, Siemens жана Volkswagen сыяктуу ири немис компанияларынын жетекчилери коштоп жүрөт. ZDF телеканалынын маалыматына караганда, Мерц АКШдан альтернатива катары Саудиядан өнөктөш табууну көздөп жатат.
Сапардын негизги максаты Германиянын экономикалык абалын жакшыртуу. Европа газ сактагычтарындагы кордун көлөмү 40%дан төмөн түштү. Ал эми Германияда айрыкча абал оор.
Ошондуктан Мерц Катарда газ сатып алуу маселесин көтөрөт. Бирок азыр Европа рыногунда суюлтулган табигый газдын баасы Азиядан төмөн болгондуктан, катарлык инвесторлорду Германияга газ жеткирүүгө кызыктыруу керек. Катар газ тармагында көбүнчө АКШ фирмалары иш алып барат. Ал эми Мерц Германиянын америкалык СТГга көз карандылыгын азайтууну каалайт.
Мерц Саудия менен коргоо тармагында да кызматташтыкты күчөтүүнү талкуулады. Ал Мухаммед бин Сальман менен жолугушууда Саудияга курал сатуу маселесин кайра жандандырууну убада кылды.
Германия 2018-жылдагы Джамаль Хашогги окуясынан кийин Саудияга курал экспортун токтоткон.
Ошондой эле Siemens Эр-Риядда метро куруу долбоору боюнча заказ алат деген маалыматтар айтылууда. Саудия менен Германия жашыл водород өндүрүү жана жаңы технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулап жатышат.