www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен болгон соодада салыштырмалуу абал жакшыраак. 2025-жылдын январь-октябрында бул өлкөлөр менен соода жүгүртүү 1,1 пайызга өсүп, 4 миллиард 523,4 миллион долларды түздү.
Бирок бул жерде да экспорт маселеси курч бойдон калууда. ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 36,1 пайызга азайып, болгону 933,1 миллион долларды түздү. Тескерисинче, импорт 19,2 пайызга өсүп, 3 миллиард 590,3 миллион долларга жетти.
ЕАЭБ алкагындагы сооданын негизги бөлүгү Россия (64,3 пайыз) жана Казакстан (33,2 пайыз) менен жүргүзүлүүдө.
Жалпы тышкы соода жүгүртүүнүн 35,3 пайызы, экспорттун 38,7 пайызы, ал эми импорттун 34,5 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет.