www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Кыргызстандын Мисир Араб Республикасында элчилик ачуу боюнча жарлыкка кол койду. 

Бул чечим саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды бекемдөө, ошондой эле Мисирде жана Түндүк Африкадагы чектеш өлкөлөрдө жүргөн 3 миңге жакын кыргыз жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Жаңы элчилик Каир шаарында жайгашып, Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлиги үчүн беш штаттык бирдикти кошо уюштурат. Жарлык 1-январдан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстан менен Мисир 1992-жылдан бери дипломатиялык байланышта. Соода-сатык көрсөткүчү боюнча, 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы жүгүртүү 5,1 млн доллар болгон. Мисир Бишкекке 3 млн долларлык товар экспорттосо, Кыргызстан Каирге 1,6 млн долларлык товар жөнөткөн.

Элчилик ачылышы менен соода, билим жана консулдук кызматтар активдешет. Ошондой эле Мисирде диний жана экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүлөт.

Последние новости