www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы күндө коронавирус илдетин жуктургандардын саны дүйнө жүзү боюнча, 12,5 млн адамга жетсе, анын 6,89 млну сакайып кетти. COVID-19 560 миң кишинин өмүрүн алды. Ушунча күч-кубатка ээ болгон вирустун салмагы болгону бир граммды түзөөрүн окумуштуулар эсептеп чыгышты. 

Ал эми куудул Талант Анарбаев вирус тууралуу төмөндөгүдөй ой толгоосу менен бөлүштү:

"1 грамм вирус эмнелерди жасады?

Дүйнөдөгү бардык коронавирустун оордук салмагы 1 граммга тең экен
1 грамм вирус 420 миллион тонна адамдарды үйүнө камап койду;
1 грамм вирус дем алуу акысыз экенин, Кудайдын кудуретин көрсөттү;
1 грамм вирус 24 триллион долларга чыгымга учуратты;
1 грамм вирус  500 млн адамды  жумушсуз калтырды;
1 грамм вирус абаны 45%га тазалады;
1 грамм вирус  бүт өлкөлөрдүн чек арасын жаап салды;
1 грамм вирус бардык адамзатты тең бол деди;
1 грамм вирус бүт дүйнөнү титиретти;
1 грамм вирус миңдеген адамдын өмүрүн алды;
Бирок ойлоп көрсөңүз адам баласына 1 грамм акыл кирдиби же кирбедиби? Ойлончу маселе!", - деп жазган ал.

Орус окумуштуусу Жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборунун Жүрөк-кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, профессор Автандил Бабунашвилинин айтымында бир коронавирустун салмагы 0,85 аттограмманы түзөт (0,85 гр Х 10 −18 градус). Бир кишиге жуктуруу үчүн, салмагы 0,0000005 (5 X 10 −7 градус) граммга жакын 70 миллиард вирус керек. Автандил Михайлович социалдык тармактагы баракчасына: "Мегатонналаган ядролук бомбалар менен коронавирусту салыштырып болбойт!", - деп жазып таң калуусун жашыра алган эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости