www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттин түндүк тарабында жайгашкан Александрия шаарында сууга чөгүп жаткан баланы куткарууга аракет кылган 10 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта ылайык, окуя Жер ортолук деңизинин жээгинде болгон. Анда жаш баланын сууга чөгө баштаганын көргөн жанындагы адамдар биринин артынан бири аны куткаруу үчүн сууга киришкен. Бирок бала да, аны куткарууга аракет кылган 10 адам да аман калган эмес. Жээк коронавирус пандемиясына байланыштуу жабык болгондуктан, ал жерде куткаруучулар жок болгон.

Маалыматта жалпысынан 11 адам каза болгондугу айтылат. Куткаруучулар 7 адамдын гана денесин табышты, учурда калган адамдардын денесин издөө иштери улантылууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жээкти "өлүмдүн жээги" деп аташат. Себеби бул жерде адам өмүрүн алган кырсыктар көп катталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости