www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-августа дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 20 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 20 014 574 киши болду. Мунун ичинен 734 755 бейтап ооруну жеңе алган эмес.

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Мында 5 089 416 киши ооруп, 160 миңден ашыгы каза болду.

Андан кийинки орундарда Бразилия (3 057 470) жана Индия (2 215 074) турат.

Таблицадагы маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүндө абал дагы деле оор бойдон калып, эки апта мурда кайсы позицияда болсо ошол жерде кармалып турушат. Мисалы, 188 мамлекет жана аймакты камтыган тизмеде Казакстан 26-орунда. Коңшу өлкөдө ооругандардын саны 100 миңге чукулдап калды. Вирустун мекени болуп эсептелген Кытай бүгүн 30-сапта, мында 88 906 киши оору жуктурган.

Ал эми Кыргызстан 53-орунда, өлкөдө 40 085 адам вируска чалдыкты. Бизден алты сап ылдый Өзбекстан жайгашкан. Коңшу өлкөдө коронавирустан болгондордун саны 31 304кө жетти. Ал эми Тажикстан 90унчу болуп турат. Расмий маалыматтар боюнча, коңшу мамлекетте 7 827 киши COVID-19га кабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости