www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен кечээ жакында эле биригип, шайлоого жетпей ажырашкан саясатчылар тууралуу баарлаштык.

- Азимбек Анаркулович, "Ата Мекен" ийгиликке жетпесине көзү жеткени үчүн Сариев “Жаңы дем” коалициясынан чыгып кеттиби же даражалуу кызматтын башын чечип алганы үчүн ушундай кадамга бардыбы?

- Бул ар бир инсандын жеке иши, «Ата-Мекендин» ийгиликке жетпегени көзү жеттиби же жакшы кызматтан сунуш түштүбү билбейм. Бирок, эмнеси болсо да Сариевдин жеке кадамы, ага эч кимдин таарынууга укугу жок.

- Неге ал чукул чечим чыгарып, кадырын кетирип,  артынан позициясы жок деген сөз ээрчиткен кадамга барды?

- Мен түшүнбөйм, коалициядан чыкканы үчүн эмнеге кадыры кетет, эмне үчүн сөз ээрчийт? “Ата Мекенден” кеткени ал кайсы бир элден кеткени эмес да. Эгерде депутатты эл өзү түз тандап алса бир жөн. Кайсы бир партиянын башчысы тандап жатса, эмнеге кадыры кетет, эмнеге артынан сөз ээрчимек эле. Тескерисинче, Сариев өз кадырын өзү билген адам катары эсептелиши керек!

- Айрымдар Темир Сариев Бишкек шаарынын мэрлигин макулдашканын айтса, кээ бирөөлөр Кыргыз-орус фондусунун жетектөө үчүн чукул чечим чыгарганын айтышууда. Сариевди жакшы билген адамсыз. Ал кандай себептерден улам коалициядан чыккан чечим кабыл алды деп ойлойсуз?

- Ооба, Темир Аргенбаевичти көп жылдан бери жакшы билем. Ары-бери салмактап, катачылык кетирбегенге аракеттенсе керек.

-Анткениңиз менен коалицияга кошула калып, өзүнө жакпай калса чыгып кетүү саясатчыларга ишенген эл менен эсептешпегенин айгинелейби?

- Ал эмне деген коалиция элди эсептештирген? Азыр коалиция эмес, шайлоого катышып жаткан ар бир партия жеке менчик партия!? Ошон үчүн Текебаев менен эсептешпейби десеңиз туура болмок? Сариевдин да Текебаевден кем эмес саясатта орду бар. Бирөөгө жаккан, бирөөгө жакпаган жеке сапаттар кимде жок. Аны менен саясат кылуу, жыйынтык чыгаруу туура эмес. Эл, эл дейбиз, элден мурда ошол элге өз депутатын өзү тандап, шайлап ала турган укугун кайрып берүү керек. Элге ошол тубаса, табигый укугун бербеген соң, “Бир Болго” Алтынбек Сулайманов, “Ата Мекенге” Өмүрбек Текебаев, “Бүтүн Кыргызстанга” Адахан Мадумаров, “Биримдикке” президенттин жакындары, “Мекеним Кыргызстанга” Матраимовдор киргизип жатат деп капа болбош керек. Анткени,  партия ээлери кимди киргизсе да, өздөрү билет. Макул  эмессиңби Сариевге окшоп чыгып кет. Ошон үчүн мен 10 жылдан бери Кыргызстандын саясый коррупциясынын булагы болгон шайлоо системасын оңдойлу, депутаттарды тандоону партия ээлеринен  кайтарып алып, кайра элге берели деп  айтып атып, жаагым тешилди. Уккан киши жок. Ушунун кесепетинен эл өз кен байлыгына ээ эмес, өз депутатын шайлай албайт. Партия лидерлери тизмеге киргизген гана адамдарды шайлайт! Бийликтин аткарып жаткан ишине көзөмөл кыла албайт деген сыяктуу толгон токой маселе бар. Система оңдолмоюнча эл, эл дегенди коё туруу керек. Жеке бир саясатчыны сындайбыз, ушундай коррупцияны төрөп, жаратып жаткан системаны сындоо жокко эсе болуп жатпайбы?!

- Айтканыңызга ынаналы. Бирок, бириктик, күчтөндүк деп алып, кайра коалициядан чыга качкан  позициянын жоктугунан кабар бербейби?

- Эмне деген позиция? Идеялык позициясы эмнеде? Андай жок азыр. Чогулалы эптеп добуш алалы, депутат болсок болду деген позициябы?  Бири-бирин карап, байкап көрүштү. Пикир келишпегенден кийин  ажырашты. Анын эмнеси жаман? “Ата-Мекенчилердин” башка партияга кире качышкан депутаттары, 10 жылдан бери жүрүшпөдүбү, депутат болушуп? Кумтөрдү көтөрдүбү? Кен-байлыктарды кайра мамлекетке алалы дедиби? Шайлоо системасын оңдойлу дедиби? Бийликтин эл алдындагы отчеттуулугун камсыз кылалы дештиби? Жок! Партия мүчөлөрү өздөрү тарап кетишпедиби? Көтөрүшкөнү эле жеке партиялык кызыкчылыктар үчүн шайлоо босогосу болду? Эмне үчүн суроо коюлбайт, ЖКнын депутаты ким болот? Депутаттарды тандоо укугу эмне үчүн бир гана саясый партияларга берилип калган? Эл эмне үчүн альтернативдик түрдө өз депутатын түз тандап алса болбойт? - деп. Шайлоочуларды идеялык бирикме кызыктырат. Сиз айткан «бириккендер» чынында кечээ эле кайнаса каны кошулбаган ар кайсы жээктерде партияларда, президенттин «чимкириктери», «балакайлары» болуп жүрүшкөндөрүнда  шайлоочулар абдан жакшы билишет!

- Бириккенде ушуларга добуш беребиз деген шайлоочулардын ара жолдо калганы  саясатчыларга маанилүү эмеспи?

- Бакиевдерди Д.Үсөнову менен Белоруссиядан алып келип, алар менен Мадумаровду, Бабановду кошолу деген шайлоочулардын тобу да бар. Ошон үчүн биригишет. Ошон үчүн ажырашат. Ошон үчүн шайлоо, шайлоочулардын бир бөлүгү жеңет, экинчи бөлүгү жеңилет. Тагдыр, телегейи тегиз эч ким  жок!

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости