www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурдагы Россия–Украина согушунун кесепети, дүйнөлүк аренада идеологиялык жана экономикалык күрөштүн чордонуна айланды. Бул күрөш – Батыш өлкөлөрүнүн биримдигин жана туруктуулугун сынап жатса, Кытай менен Индиянын геосаясий багыттарын аныктоо зарылдыгын жаратып, АКШнын гегомониясына каршы турууга түрткү берди. Ал эми Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер үчүн бул жаңжал дүйнөлүк тенденцияларды түшүнүү, өзүнүн тышкы саясатында тең салмактуу багыт кармоо жана коопсуздук стратегияларын кайра карап чыгуу үчүн сабак болуп жатат десек жарашат.
Анткени, бул согуш аймактык гана эмес, глобалдык багыттагы геосаясий кайра бөлүшүүнүн элементине айланды. Ар бир чоң держава өз кызыкчылыгына жараша позиция карманып жатат. Тынчтыкка карай жол болсо, курал менен эмес, дипломатия менен курулушу керек. Бирок азырынча дипломатиялык алака анчейин жыйынтыктуу таасирин бере элек. Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан позициянын чээнинен чыкпай жатат. Мындай кырдаал канчалык узакка созулган сайын жаңжалдын кулачы кеңейип, кесепеттери оор болоорун баары түшүпүн турушса да, эч кимиси тынчтык, бейпилдикке кадам таштоо жоопкерчилигин моюнга алгылары келбей көшөрүшүүдө.
Ырас, Россия-Украинанын ортосундагы согуш оту дүйнөлүк геосаясий тартипке олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келди. Бул жаңжал глобалдык деңгээлде саясат, экономика жана коопсуздук тармактарына таасир тийгизип, АКШ, Батыш өлкөлөрү, Кытай жана Индия өңдүү чоң оюнчулардын позициялары азыркы дүйнөлүк күчтөрдүн балансын аныктоочу негизги факторго айланды.
Америка Кошмо Штаттары согуш башталгандан тартып Украинага эң ири жардам көрсөткөн мамлекетке айланды. Аскердик, финансылык жана гуманитардык колдоолор аркылуу Вашингтон бул жаңжалды демократия менен авторитаризмдин күрөшү катары көрсөткүсү келет. НАТО болсо коргонуу альянсы катары өзүнүн чыгыш флангындагы өлкөлөрдү бекемдөө менен алек. Уюмдун мүчө-мамлекеттери Украинага түз аскерий кийлигишүүдөн оолак болууга аракет кылышканы менен курал-жарак, логистика жана окутуу тармагында чоң жардам көрсөтүп жатышат.
Бирок АКШда жана Европада бул жардамдын көлөмү жана узактыгы боюнча ички саясий каршылыктар өсүүдө. Финансылык жүк оорлоп коомдук колдоонун азайышы Украинага берилчү жардамга таасирин тийгизе баштады. Учурда Европанын өзүндө бирдиктүү саясат жок. Венгрия, Словакия жана Чехия сыяктуу мамлекеттерде Украинага жардам көрсөтүүгө каршы болгон саясатчылар бийликке келе башташты. Бул кырдаал Европа Биримдигинин ичиндеги карама-каршылыкты өөрчүтүп, Украинага берилчү жардамдын узак мөөнөттүү болор-болбостугуна күмөн жаратууда.
Ал эми Кытай формалдуу түрдө Россияны ачык айтпаганы менен стратегиялык өнөктөштүгүн активдүү улантууда. Чын-чынында бейтарап позицияны кармангандай көрүнгөн Бээжин үчүн бул жаңжал АКШнын дүйнөдөгү үстөмдүк таасирине каршы туруу зарылдыгын жаратты жана ачык билдирди.
Индия дагы Россия менен салттуу аскерий жана энергетикалык кызматташтыгын улантып, Батыш менен да байланышын үзбөй, дүйнөлүк геосаясий оюнда өз алдынчалуу ролду бекемдөө мүмкүнчүлүгүн колдонуп калууга жан үрөөдө. Ошентсе да, Россиянын менен кызматташтыкты күчөтүп арзан мунайын сатып алуу, экономикалык пайда көрүүгө умтулган саясаты АКШнын жана Батыштын сынына кабыл болуп жаткан кези.
Айтор, АКШ жана Батыш мамлекеттери Украинага колдоо көрсөтүү аркылуу өз позициясын сактап калууга аракет кылышса, Кытай жана Индия өңдүү ири державалар тең салмактуу жана прагматикалык позиция кармануу менен дүйнөлүк аренада өз таасирин арттырууга умтулуп жатышат. Бул аралыкта чакан мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан үчүн бул жаңжал өз алдынча сырткы саясат жүргүзүүнүн, коопсуздукту чыңдоонун жана эл аралык процесстерди кылдат талдоонун маанилүүлүгүн көрсөттү.
Согуштун узакка созулушу – дүйнөлүк туруктуулукка коркунуч жаратып, эл аралык кызматташтыкты солгундатып, гуманитардык жана экономикалык кризистерди тереңдетүүдө. Ошондуктан, туруктуу тынчтыкка жетүү үчүн күч эмес, акыл-эстүү дипломатия, жоопкерчиликтүү эл аралык диалог жана көп тараптуу кызматташтык негизги шарт болуп калышы керек.
PS: Россия тууралуу NazarNewsка чыккан макала сайттын жеке кызыкчылыгы, маалыматтарга кандайдыр бир адамдардын же бир уюмдар менен келишими жок.