www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияны БУУдагы Коопсуздук Кеңешинен жана жалпы уюмдан чыгаруу сценарийин эч ким ишке ашыра албайт, бул теориялык жактан да мүмкүн эмес. Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Орусияны БУУнун Коопсуздук Кеңешинен теориялык жактан чыгарып салууга келсек, бул мүмкүн эмес. Мындай чечимди Коопсуздук Кеңеши бекитиши керек, ал эми Коопсуздук Кеңешинде биз вето укугуна ээбиз, ошол эле нерсе чыгарып салууга да тиешелүү. Бул бүтүндөй эл аралык укукка, БУУнун Уставына негизделген системаны жок кылууну билдирет», - деди Полянский.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусияны Украинага басып киришинен улам БУУнун курамынан чыгаруу чечими кабыл алынган.

«Ошондуктан, Бириккен Улуттар Уюму уюм катары ишин токтотмоюнча, мындай сценарийди эч ким ишке ашыра албайт. Баса, муну америкалыктар өздөрү да каалабай турганын моюнга алышат», - деп кошумчалады Полянский.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости