www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Долларды куралга айландыруу анын өмүрүн кыскартып, эл аралык каржы системасын бөлүп-жарышы мүмкүн. Бул тууралуу Financial Times (FT) басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

FT серепчилери белгилегендей, Орусиянын валюталык резервин тоңдурган санкциялар көптөгөн өлкөлөргө доллардан айланып өтүүгө стимул жаратты.

"Долларды ачыктан ачык куралга айландыруу менен АКШ жана анын союздаштары жооп катары катуу сокку алганы турат. Дүйнөлүк коомчулук эл аралык каржы системасын башка валюталарга толтуруп, күчтүү атаандаш блокторго айланышы мүмкүн", — деп айтылат макалада.

Материалдын авторлору Орусиянын Украинадагы атайын операциясын айыптаган дүйнөлүк коалициянын жок экенин, учурда Батыш блогу гана турганын баса белгиледи. Мисалы, Москвага каршы санкцияларды Кытай, Бразилия, Түштүк Африка жана Мексика колдогон жок. Ал эми бул нерсе келечекте эл аралык каржы жаатында оор кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости