www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мүлктүк кылмыштар боюнча жаза дайындоо ыкмаларын кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирди.

Депутаттын айтымында, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган аялдын кылмыш ишиндеги эпизоддордун бири 139 миң 55 сомдук тонду уурдоо фактысына байланыштуу болгон. Сот бир нече эпизодду эске алуу менен ага 7,5 жылдык жаза дайындаган.

Сурабалдиеванын маалыматына караганда, соттолгон аял жалгыз бой эне. Ал камакка алынган учурда уулу 6 жашта болгон, учурда бала 5-класста окуйт. Аялга ырайым берүү боюнча эки жолу кайрылуу жасалганы менен, экөөндө тең баш тартылган.

Депутат жасалган кылмыштарды актабай турганын белгилеп, бирок мүлктүк кылмыштар үчүн мындай узак мөөнөттүү жазалар суроо жаратарын айтты. Ал өзгөчө мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген иштер менен салыштырганда жаза чараларынын шайкештиги маселесин көтөрдү.

Сурабалдиева Кыргызстанда кылмыш-жаза саясатын адилеттүүлүк, жазанын пропорционалдуулугу жана мыйзам алдында теңдик принциптеринин негизинде реформалоо зарылдыгын белгиледи.

Последние новости