www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүдө Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын Израилге каршы риторикасынын күчөшүнө байланыштуу нааразычылыгын билдирген.

Маалыматка караганда, бул тууралуу израилдик жана америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме жасап Axios басылмасы жазган.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Нетаньяху Трамптан ушул аптада Анкарада өтө турган жолугушууда Эрдоган менен сүйлөшкөндө Түркиянын аба күчтөрүн жаңылоого жардам бере турган аскердик системаларды сатууга каршы позиция кармоону суранган.

Акыркы эки жылда Газадагы жана Иранга байланыштуу жаңжалдардын фонунда Израиль менен Түркиянын ортосундагы чыңалуу күчөгөн. Ошол эле учурда Трамп эки өлкөнүн лидерлери — Нетаньяху жана АКШнын аймактагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Эрдоган менен жакын мамилесин сактап келет.

Последние новости