www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-майда, Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ЖПАА) кезектеги жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө быйыл КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясына Кыргыз Республикасы төрагалык кылып жатканы белгиленип, Жогорку Кеңеш тарабынан КМШ ЖПААнын Координатору кызмат ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун талапкерлиги сунушталганы айтылды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Табылды Муратбеков КМШ ЖПААнын Координатору болуп шайланды.
Андан соң жыйын ассамблеянын жаңы Координатору Табылды Муратбековдун Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жаштар саясатынын учурдагы абалы жана жаштар парламентаризмин өнүктүрүү тууралуу баяндамасы менен уланды.
Тактап айтканда, эл өкүлү Кыргыз Республикасында мамлекеттик жаштар саясаты мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караларын белгиледи.
«Мунун мисалдарынын бири катары Президенттин колдоосу менен түзүлгөн «Кыргызстан Жаштар Кыймылы» жаштар кыймылын атасак болот. Аталган кыймыл өлкөнүн бардык аймактарындагы активдүү жаштарды бириктирип, жаштар демилгелерин илгерилетүү, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, жарандык активдүүлүктү жана коомдук диалогду чыңдоо боюнча натыйжалуу аянтчага айланды», – деди Табылды Муратбеков.
Ошону менен бирге депутат Кыргыз Республикасында жаштар парламентаризми да жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Жаштар кеңеши түзүлүп, ал жаштар менен өлкө парламентинин өз ара байланышын чыңдоодо маанилүү аянтча болуп калды. Жаштар кеңешинин ишмердүүлүгүнүн алкагында жаш башкаруучулардын, депутаттардын жана мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун даярдоого багытталган «Жаш кадрлар мектеби» ишин баштады», – деп кошумчалады КМШ ЖПААнын жаңы шайланган Координатору.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө жасалма интеллект технологияларынын жаштарга тийгизген таасири жана аларды мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашырууда колдонуу, КМШга мүчө мамлекеттердеги эл аралык жаштар кызматташтыгынын куралы катары шахмат дипломатиясы жана башка актуалдуу темалар боюнча баяндамалар угулду.