www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-майда, Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын иш-чараларынын алкагында КМШ ПААнын Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны өттү.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза аталган комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Мындан тышкары, жыйында «Ыкчам-издөө ишмердүүлүгү жөнүндө», «Жасалма интеллектти жана робот техникасын террордук жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы аракеттенүү жөнүндө» моделдик мыйзам долбоорлору каралды.
Ошону менен бирге дерадикалдаштыруу жаатындагы улуттук мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жана башка укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштамалардын долбоорун иштеп чыгуу, жол кыймылынын катышуучулары тарабынан жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланууга байланыштуу мамилелерди ченемдик укуктук жөнгө салуу боюнча сунуштамалардын долбоорунун үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.