www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева курулуш тармагындагы олуттуу кемчиликтерди сынга алып, техникалык көзөмөлдү өз алдынча органга өткөрүү зарылдыгын билдирди.
Анын айтымында, ал барган курулуп жаткан мектепте архитектуралык мыйзам бузуулар аныкталган. Депутат бул жагдайды балдардын коопсуздугу менен түз байланыштырды:
- Ал жерде балдар окуйт! Бул кооптуу! Техникалык көзөмөл Минкурулушта болбошу керек, ал өз алдынча орган болушу зарыл, - деп билдирди.
Абдибаева негизги көйгөй катары бир эле министрлик уруксат берип, ошол эле учурда көзөмөл жүргүзүп жатканын белгилеп, мындай система кызыкчылыктардын кагылышына алып келерин айтты.
Ошондой эле ал министрликтин жетекчилигинин мамилесин да кескин сынга алды:
- Министрдин орун басары өзүн “монстр” сезип алгандай сүйлөйт, андан башка маселени эч ким түшүнбөгөнсүп. Биз, депутаттар, өзгөчө улуу курактагы адистер менен андай сүйлөшпөйбүз”, -деди.
Депутат чиновниктердин так жооп бербей, маселеден качып жатканын белгилеп, мамлекеттик башкарууда жоопкерчилик менен маданият жетишсиз экенин баса белгиледи. Ал “алмашкыс кадр жок” экенин эскертип, курулуш тармагында коопсуздукту камсыздоо үчүн функцияларды бөлүү зарылдыгын талап кылды.