www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аймактык долбоорлорго 401 миллион сом каралды

Бүгүн, 28-апрелде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.И. Дуйшеевдин төрагалыгы алдында Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашырылып жаткан «Аймактык экономикалык өнүгүү» долбоорунун алкагында Өндүрүмдүү өнөктөштүк боюнча комитеттин кезектеги, он сегизинчи жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө мурда түзүлгөн өндүрүмдүү өнөктөштүктөрдүн сегиз катышуучусунун кошумча инвестициялык колдоо алуу үчүн сунушталган долбоорлору каралып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы №1169-р тескемесине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жалпы суммасы 290 845 428 сомду түзгөн долбоорлор жактырылды.

Мындан тышкары, өндүрүмдүү өнөктөштүктөргө кошумча кабыл алынган катышуучулардын алты субдолбоордук сунушу каралып, жалпы суммасы 110 300 000 сомду түздү.
Жыйынтыгында, жактырылган 14 долбоордук жана субдолбоордук сунуштардын жалпы суммасы 401 145 428 сомду түздү.

 

Последние новости