www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 28-апрелинде милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө Instagram социалдык тармагында Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан темирди кайра иштетүүчү заводдо металл эритүүчү индукциялык меш жарылгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Аталган маалымат Сокулук РИИБинде тиешелүү тартипте каттоого алынган.
Аталган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлүп, төмөнкүлөр аныкталды: 2026-жылдын 28-апрелинде Шопоков шаарынын мэриясына цех имаратында катуу жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге барган мэрия кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө өрт же түтүн жок экендиги аныкталган. Өрттүн белгилери жана өрт өчүрүү аракеттери катталган эмес.
Ошондой эле, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы аныктамасы менен ошол эле соттун 2025-жылдын 22-декабрындагы чечими жокко чыгарылган. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чүй регионалдык экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан темирди кайра иштетүүчү заводго карата металл эритүүчү индукциялык мештердин ишин токтотуу жөнүндө берилген доо арыздын негизинде кабыл алынган.
Соттун чечиминин жокко чыгарылышынын негизинде темирди кайра иштетүүчү завод өз ишмердүүлүгүн кайра жандандырганы аныкталды.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 14-январында Сокулук райондук соту Чүй регионалдык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын (ГАСК) өз алдынча мыйзамсыз курулган объектти бузуу жана ишмердүүлүктү токтотуу тууралуу доо арызын толугу менен канааттандырган.
Бирок темирди кайра иштетүүчү завод тарабынан аталган чечимге карата апелляциялык арыз берилген. Апелляциялык инстанцияда бул иш азыркы учурда каралууда.
Учурда жарылуу фактысы боюнча Сокулук РИИБ тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин негизинде тиешелүү чечим кабыл алынат.