www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү жана белдүү саясатчы Дастан Сарыгулов менен Темирбек Токтогазиев акыркы мезгилде дүйнө жүзүн чулгаган чуулгандуу коронавирус тууралуу чакан китепчени май айында эле жазып чыккан.

Аталган коронавирус апааты адамзатты үй камагына кириптер кылып, мусулман дүйнөсүндөгү ыйыктын-ыйыгы катары саналган ажылык сапарлар токтотулуп, Меккедеги Кабатулла, Ватикандагы католик борбордук чиркөөсү баш болуп бардык мечиттер менен чиркөөлөргө адам каттабай, ресторан, түнкү клубдар, казинолордун бардыгы жабылып, өндүрүш ишканалар, мекеме - жумуш орундары токтоп, адамдар үйүндө олтуруп калышкан учурда, мурдатан көнүп калган жашоо шарты, жүгүртүлүп келген акча каражаттарым электрондук акча менен алмаштырып, карантин бүткөндөн кийин жаңы коомдук абал түзүлөөрү - түп тамыры менен санариптештирилери -айтылып жаткан кезде миңдеген жылдардан бери калыптанган кыргыз дөөлөтүн түшүнүү жана жайылтуу дүйнөдө түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгуунун бирден-бир жолу экендигин - авторлор маектеринде баса белгилешет. Китепче эл тагдырына кайдигер карабаган, келечекте кыргыз дөөлөтү адамзаатына кызмат кылаарына ишенген жалпы окурмандарга, китеп сүйүүчүлөргө арналат.

Үч айда үч миллиард адамды карантинге салып, 195 өлкөгө жайылып, эл аралык аба каттамдарын токтотуп, чек аралардын жабылышына алып келип, жума намаздарды токтотуп, нечен жүз миллион адамды жумушсуз калтырып, дүйнө экономикасына үч триллион доллар зыян алып келген коронавирус - КОВИД - 19 - бүткүл адамзатты апаатка учуратты.

Бул вируска каршы дары тапкандарга бир миллиард доллар сыйлык жарыяланды, бирок ал дары табылып, кеңири колдонгонго чейин бери дегенде дагы 12 - 18 ай өтөөрү айтылууда. Ал эми вирус биринчи 60 күндө жүз миң адамга жугуп, зкинчи жүз миң адамга он бир күндө, үчүнчү жүз миң адамга - төрт күндө жугуп, 22-марттан баштап күнүнө 40 миң адамга жуга баштаганы — адамзат тарыхында буга чейин болуп көрбөгөн ылаң экенин аныктады.

Дагы канча айга уланып, канча жоготууга алып келерин эч ким айта албай калды. Албетте, муну келечек көрсөтөт, бирок бүгүн эле анык болуп калды: бул вирус дүйнө медицинасына, жалпы илимге зор сыноо болду. Аны менен гана чектелбей, коронавирус дүйнө өлкөлөрдүн бийлик жүргүзүүсүнө, башкаруусуна да чоң түйшүккө айланды. Мунун баары оор сыноо аркылуу табылган тажрийба болоору шексиз. Бирок, медицина, илим, бийлик, саясаттан тышкары КОВИД - 19 бүткүл адамзаат үчүн да тарыхый сабак, табылгыс тажрийба болуп, терең ойлонтуп, турмушка, өмүргө, байлыкка, демократияга, табиятка, жан-жаныбарларга, жалпы эле жашоого көз карашын өзгөртүүгө түрткү болоорун күтсө болот. Дал ушул өңүттө кыргыз дөөлөтү: тарыхы, тили, дили, маданияты, наркы, салты, тарыхый тажрыйбасы, өнөрү, деги эле дүйнө таанымы жөнүндө учкай сөз кылып, коронавирус апаатына байланыштуу ой жүгүртүүгө пайдасы тиеби деген тилек менен аны жеңилдетип, суроо-жооп түрүндө берүүнү ылайык көрдүк. Айтылган маалыматтар илимий жана тарыхый булактардан алынган, бирок, илимий чөйрөгө багытталбаган соң, кеңири жана терең берилген жок. Булактардын дареги толук көрсөтүлгөн, илимий максатта кызыккандар интернет же китепканалардан таап, маалыматтарды кеңири алса болот, деген чакан “Коронавирус апааты жана Кыргыз дөөлөтү” китепчесинде Дастан Сарыгулов жана Темирбек Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости