www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан каза болгондордун сөөгүн коюуда берилген талаптар сакталса, башка адамдар үчүн коркунучтуу эмес. Бул тууралуу республикалык штаб Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий маалыматтарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, вирус тышкы чөйрөдө 3-4 саат аралыгында жок болот. Ага карабастан бардык алдын алуу чараларын сактоо зарыл.

Эгерде бейтап коронавирус же пневмониядан каза болсо, эмнеге көңүл буруу керек?

1. Эгерде адам ооруканада каза болсо, бардык тийиштүү процедуралар медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт. Медкызматкерлер толугу менен маркумду көмүүгө даярдап, аны жууп, кепинге ороп, кошумча полиэтилендик кездемеге ороп, өлүккананын короосунда намаз (жаназасын) окулат. Ошол жерден дароо көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин, аны кайра ачып, коштошууга болбойт.

2. Эгерде маркум үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле медициналык көрсөтмө боюнча дезифекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, бет кап жана кол кап кийүү кажет.

Башка сунуштар жана чектөөлөр:

— эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот;

— эгер дарыгерлер коронавирус оорусунан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, анда дарыгерлердин маркумду жуугандыгы жана кепиндегени жетиштүү. Аны кайра ачып жууп, кепиндөөнүн кажети жок;

-жаназага катышуучулардын ортосунда социалдык аралык жана өздүк гигиена сакталышы керек, бет кап кийип, аны 2 саат сайын алмаштыруу зарыл;

— респиратордук оорулардын симптомдору бар адамдар, акыркы сапарга узатуу аземине катышпай эле койгону оң;

— коронавирус жана пневмониядан каза болгондорду ташуу атайын адистештирилген транспорт менен жүргүзүлүшү керек;

— маркумду коронавирус же пневмониядан көмүү үчүн салттуу түрдө жалпы көрүстөндөрдө өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости