www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык жогорку медициналык мектептин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шах Пакистандан окуу үчүн Бишкекке келген. Ал коронавируска каршы күрөшүүдө биздин дарыгерлерге бекер жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Аббас Али Шах өкмөттөн иштөөгө уруксат берүүнү өтүнгөн.

“Мен Кыргызстанда дарыгерлер аз экендигин билем. Анын үстүнө, коронавирус жагдайы көзөмөлдөн чыгып баратат. Эгер кабмин мага дарыгерлер менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берсе, мен аны акысыз жасайм. КР менин экинчи мекеним. Ушул оор кырдаалда адамдарга жардам бергим келет. Эгер бийлик мага уруксат берсе, мен аларга абдан ыраазы болот элем”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости