www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист, белгилүү диктор Чынар Капарова академик Сабырбек Жумабеков тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Сабырбек Джумабеков илгери эле депутат болуп, бирок «менин ордум медицина, оорулуулар издеп калды» деп мандатып тапшырып кеткен! Мына ишине берилгендик!!! Азыр да ортопед-травматологдорду тез арада пульмонолог, вирусолог, инфекционист кылып кайра окутуп, Гансиде орун даярдап, оорулууларды сакайтууга болгон аракетин көрүп, чуркап жүрөт! Ушул инсаныбызды интригалар менен алаксытпай, ийгилик каалап иштетели! Бар болунуз Сабыр байке!”,-деп Чынар Капарова жазып чыкты.

Белгилей кетсек, буга чейин Сабырбек Жумабеков NazarNews маалымат агенттигине маек берип жатып төмөнкүлөрдү айткан.

“Учурдан пайдаланып айта кетейин, биздин үй-бүлө мүчөлөрүнө карата ачык эле чабуул, кара пиар жасалууда. Мисалы, карындашымдын, кызымдын, келинимдин дары-дармектерди дүңүнөн саткан фирмалары бар деп айрым ЖМКлар жазып чыгышты. Алардын айткандарынын баары калп! Алардын дарыларды дүңүнөн саткан фирмасы мындай турсун, дааналап саткан фирмасы да жок. Бул иштер ачыктан-ачык иниме (ред.: ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков) жана мага карата жасалып жаткан кара пиар. Мен 30 миң кишиге операция жасап, алардын батасын алганмын. Менин дарегиме акыркы учурларда жакшы пикирлер көп айтылып кетти. Ошонун баары кимдир-бирөөлөргө жакпай калды көрүнөт. Бизге чабуул жасап жаткандардын баарын Кудайга койдум", - деди Сабырбек Жумабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости