www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адистер коронавирустун оор формасына чалдыккан бейтаптардын канын изилдеп көрүшкөн. Натыйжада кандын курамындагы эозинофил деп аталган ак түстөгү зат оорунун күчөп кетишине себеп болору аныкталган.

Швециянын Каролина институтунун окумуштуулары коронавируска кабылган айрым бейтаптар эмне себептен каза болуп калып жатканын изилдеп чыгышты. Жыйынтыгын Cell Reports Medicine журналы жарыялады.

Адистер коронавирустун оор формасына чалдыккан бейтаптардын канын изилдеп көрүшкөн.

"Кандын курамында эозинофил деп аталган ак түстөгү зат болот. Оорунун күчөп кетишине ошолор себеп болот экен. Вирус өпкөгө чаап, адамдын абалы оорлогонго бир аз убакыт калганда дал ушул заттар канда көбөйүп калары аныкталды", — деди окумуштуулардын бири, иммунолог Петер Бродин.

Адистер бул ачылыш илдетке каршы күрөшүүгө мындан ары жакшы жардам болорун айтып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости