www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдөгү бардык майнинг фермалар ишин токтотконун билдирди. Министрдин бул сөзү акыркы апталарда күч алган нааразы пикирлерге жооп сыяктуу жаңырды. Мындай билдирүү эл арасында “элге жарык жок, майнерлерге бар” деген сын-пикир күчөгөн учурда, коомдук кыжырды басуу аракетиндей сезилет.
Ибраевдин айтымында, өлкөдө майнинг менен алектенип келген Кеминдеги «Соларкоин» жана «Камбар-Ата-2» ГЭСиндеги «МБТ Строй» компанияларын ишмердүүлүгү токтотулган. Бирок бул фермалар чындап токтоп турганын коомчулук өз көдөрзү менен али көргөн жок.
Ноябрдын башынан бери электр кубаттуулугу чектелип, таңкы жана кечки убакта 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлдү. Күн сайын эл жарык өчүп, үй жылытуу, тамак бышыруу түйшүгүнө кабылып жатса, “майнинг токтоду” деген расмий билдирүү ишеним жаратпай турат. “Фермалар токтоду” деген сөз чын болсо да, ал кечикке чара катары кабыл алынууда.
Эгер чын эле бардык майнинг фермалар токтосо, анда кубат жетишсиздиги эмне үчүн сакталып турат деген суроо туулат? Учурда элде ишеним жоголду. Ал эми элдин ишеними кайтып келмейинче, ар бир өчүрүлгөн лампочканын артында “нааразы сын-пикирлер” токтобойт.