www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарында 26 жаштагы жигит оозу жана тилинин бир бөлүгү үзүлүп, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканага түшкөн. Бул тууралуу turmush.kg басылмасы жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, жигит менен 18 жаштагы кыз өбүшүп жаткан учурда кыз кокусунан жигиттин эринин жана тилинин учун тиштеп алган.
«Тилдин астынкы бөлүгү тигилди. Бейтаптын абалы туруктуу, сүйлөп, тамак ичип жатат. Тилдин болжол менен 30 пайызы, алдыңкы эрининин 40 пайызына чейин жабыркаган», — деп билдирген облустук клиникалык оорукананын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 8-ноябрда Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынан кабар келип түшкөн. Бул факт Манас ШИИБдин кылмыштар жана жоруктарды эсепке алуу журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Териштирүү маалында белгилүү болгондой, С. уулу Н. Манас шаарынын 2006- жылы туулган тургуну А.Ж. аттуу кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Алар досунун тоюна чогуу барып, спирт ичимдиктерин ичишкен. Кийин өбүшүп жаткан учурда кыз жигитинин тилинин жана астынкы илебинин бөлүгүн тиштеп үзүп алган.
Учурда Манас ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 1999-жылы туулган С. уулу Н.га карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.