www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа кайрадан кеңейүү демине туш болду. Брюсселде өткөн акыркы талкууларда Еврошаркетке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси 15 жылдык тыныгуудан соң кайрадан өзөктүү тема болуп чыкты. Бул жолу кеңейүү процесси идеологиялык эмес, геосаясий муктаждык катары каралып жатат.
2022-жылы Орусиянын Украинага кол салышы Европанын коопсуздук архитектурасын түп тамырынан өзгөрттү. Еврошаркет үчүн жаңы мүчөлөрдү тартуу, чыгыш чек арасын бекемдөө жана демократиялык таасирин сактап калуунун амалына айланды. Европа комиссиясынын 4-ноябрда жарыяланган кеңейүү боюнча жылдык отчёту бул тенденцияны ачык көрсөттү.
Докладга ылайык, Монтенегро менен Албания кеңейүү жарышында алдыда барат. Подгорица сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин жыйынтыктоону көздөп, соңку бир жылда жетишкен прогрессин көрсөткөнү менен, коррупция жана уюшкан кылмыштуулук темасы дагы деле курч бойдон калууда. Албания болсо реформаларга ыкчам киришкенине карабай, маңзат жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүн күчөтүшү керек деген эскертүү алды. Бирок Европа комиссиясы 2027-жылга чейин бул өлкө реалдуу мүчө боло аларын жокко чыгарбайт.
Ал эми Молдова менен Украина Еврошаркеттин биримдиктин чыгыштагы чептери катары каралууда. Алар бир убакта арыз берип, бир максатты көздөшкөн. Бирок учурда Венгриянын позициясы, айрыкча Украинанын талапкерлигине каршы туруусу жараянды кечеңдетип жатат. Кишинев болсо салыштырмалуу ылдам жылып, 2028-жылга чейин толук мүчө болуу ниетин билдирүүдө.
Киев үчүн бул жол эң оор сыноо. Согуштун фонундагы реформалар, коррупцияга каршы күрөш жана саясий туруктуулук, Еврошаркетке жол ачкан негизги факторлор. Брюссел Украинага саясий колдоо көрсөтүп жатканы менен, “шарттар бардык талапкерлер үчүн бирдей” деген принциптен артка кайтпай турат.
Бирок кеңейүү процесси өзү да реформага муктаж болууда. Айрым өлкөлөр жаңы мүчөлөргө убактылуу добуш берүү укугун чектөөнү сунуштап жатышат. Мындай өтмө механизм мурда, 2004-жылдагы чоң кеңейүүдө да колдонулган. Бул демилге Еврошаркеттин ички тең салмактуулугун сактоону көздөйт, бирок демократиялык баалуулуктарга каршы келет деген сын-пикирлер да жок эмес.
Бул жагдайда бир олуттуу көрүнүштөн кыйгап өтүүгө болбойт. Түркия Еврошаркетке 1999-жылдан бери талапкер макамында турат. Бирок адам укуктары, демократия жана тышкы саясаттагы айырмачылыктар анын евроинтеграциясын дээрлик токтоткон. Европа бүгүн Украина менен Молдовага ыктап турган чакта, Анкара “эски талапкер” бойдон калууда.
Арийне, Еврошаркеттин кеңейүү процесси жөн гана саясий кадам эмес, Европанын келечеги үчүн күрөш. Москва менен Батыштын ортосундагы чыңалуу шартында Брюссел жаңы чептерди тургузууда. Бирок ар бир талапкердин өз тагдыры бар, ал эми кеңейүү процесси Европа идеалынын сыноодон өтүп жаткан жаңы доору десек болот.