www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сыйлык жаштарды патриоттуулукка, жаратмандыкка, улуттук руханий жана маданий баалуулуктарды сактоого үндөгөн эмгектерди жана жетишкендиктерди колдоо максатында ыйгарылат.
Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча берилет:
Талапкерлердин жашы 35 жаштан ашпоого тийиш. Лауреаттарга Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги, күбөлүк жана 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.
Талапкерлерди мамлекеттик органдар, билим берүү, маданият жана спорт мекемелери, чыгармачыл союздар, коомдук уюмдар, ЖМКлар, жаштардын демилгечи топтору көрсөтө алышат. Ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүүгө да уруксат берилет.
Катышуу үчүн сунуштама кат, өмүр баян, акыркы үч жылдагы сыйлыктары тууралуу маалымат, сынакка сунушталган иштин кыскача аннотациясы жана паспорттун көчүрмөсү электрондук форматта тапшырылат. Ар бир номинация боюнча кошумча материалдар (китептер, фото-видеолор, аудиожазуулар, долбоорлор ж.б.) талап кылынат.
Документтер 2026-жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 192, К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын 3-кабатындагы Иран борборунда кабыл алынат.