www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдүн алдындагы жер тилкелерин каттоо жана менчик укугун тариздөө боюнча көп жылдык көйгөйдү чечүү максатында жаңы стимулдаштыруучу механизм киргизилди.
Бул чара жер-мүлк мамилелерин тартипке келтирүүгө жана жарандардын турак жай укуктарын камсыз кылууга багытталган.
Шаар аймагында муниципалдык менчикте турган жана курулуш компанияларына убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерине көптөгөн көп батирлүү үйлөр курулуп, пайдаланууга берилген.
Бирок айрым учурларда курулуш компаниялары жер тилкелерин сатып алуу жана менчик укугун каттоо процедураларын толук аяктабай келген. Бул жагдай техникалык документтерди тариздөөнү кечеңдетип, тургундардын мүлктүк укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарды жараткан.
Маалыматка ылайык, 2001–2024-жылдар аралыгында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө 296 ижара келишими түзүлгөн. Ошол эле учурда бул жер тилкелерин сатып алуу процесси көп жылдар бою дээрлик ишке ашкан эмес.
Натыйжада буга чейин пайдаланууга берилген үйлөрдүн жашоочулары техникалык паспорт алуу жана менчик укуктарын каттоо маселелеринде тоскоолдуктарга туш болушкан.
Бул көйгөйдү чечүү максатында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди колдонуу тартиби иштелип чыгып, Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы №95 токтому менен бекитилди.
Сатуу боюнча жыйынтык жана жаңы механизм
2026-жылдын май айына карата Муниципалдык менчик башкармалыгына жер тилкелерин сатып алуу боюнча 32 арыз келип түшкөн.
Алардын ичинен 5 жер тилкеси сатылып алынган.
Жаңы система ижарачыларга жер тилкелерин жеңилдетилген шартта сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп, документтерди өз убагында тариздөөгө стимул берүүдө.
Төмөндөтүүчү коэффициенттер
Жаңы тартипке ылайык төмөнкү коэффициенттер колдонулат:
2026-жылдын 31-декабрына чейин — 0,5 коэффициент (50% арзандатуу);
2027-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин — 0,6 коэффициент (40% арзандатуу);
2028-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин — 0,8 коэффициент (20% арзандатуу).
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрына чейин аянты 10 000 чарчы метрден ашкан жер тилкелери үчүн 0,4 коэффициент колдонулат.
Шаар бийлиги бул кадам көп жылдык көйгөйдү системалуу түрдө чечүүгө, курулуш тармагындагы укуктук боштуктарды жоюуга жана Бишкек тургундарынын турак жай укуктарын толук камсыз кылууга өбөлгө болорун белгиледи.