www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 3-январында Сокулук РИИБге 1958-жылы туулган Ш.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 1978-жылы туулган Ш.А. аттуу уулуна чара көрүүнү суранган. Арыз ээси уулу мас абалында болуп, ага карата системалуу түрдө физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Бул факт мыйзам чегинде катталып, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттик корутундуга ылайык, жаран Ш.Л.ге ден соолугуна жеңил залал келтирилип, кыска мөөнөттүү ден соолуктун бузулушуна алып келген.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 138-беренесинде (Кыйноо) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин тартибинде шектүү катары 1978-жылы туулган, Ш.А аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш ишин ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы үй-бүлөлүк зомбулуктун бардык фактылары катуу көзөмөлдө экенин жана укуктук баа берилбей калбай турганын эскертет. Үй-бүлөдө физикалык жана психологиялык зомбулук көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.

Милиция жарандарды мындай фактыларды жашырбоого жана өз убагында укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат. Ар бир кайрылуу милдеттүү түрдө катталып, кароодон өткөрүлөт.

Эсиңиздерде болсун: жазанын сөзсүз колдонулушу — коомдогу коопсуздуктун негизи.

 

Последние новости