www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматы чакан жана орто ишкердик субъекттерине карата рейддик салыктык контролду жана контролдук сатып алууну 2026-жылдын 31-декабрына чейин убактылуу токтотту.
Бул чечим учурдагы экономикалык кырдаалда чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо, бизнеске административдик басымды азайтуу, ошондой эле анын өнүгүшү үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.
Тактап айтканда, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттагы эки өлчөмдүү штрих-коддун символдорун (QR-код) пайдалануу аркылуу операцияларды жүргүзүүчү үчүн арналган контролдук-кассалык машиналарды (ККМ), эсеп-фактураларды, жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча, ошондой эле товарларга карата алгачкы эсепке алуу документтеринин болушу маселелери боюнча рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууну жүргүзүү токтотулат.
Бул чаралар төмөнкүлөрдүн негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерлерге карата колдонулат:
• 0 жана 0,5 пайыздык ставкалары менен бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;
• патенттин негизинде;
• өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн;
• 0,25 пайыздык бирдиктүү салыктык ставка менен тигүү жана (же) текстиль өндүрүшүнүн негизинде.
Ошол эле учурда контролдон бошотуу төмөнкү субъекттерге жайылтылбайт:
• салыктык каттоосуз жана (же) патенттин негизинде салык төлөбөстөн иш жүргүзгөндөргө;
• уюмдардан же жеке жактардан даттануулар, арыздар түшкөн, ошондой эле тергөө органдарынын токтомдору бар болгон субъекттерге;
• салыктардын, анын ичинде жалданма кызматкерлер боюнча салыктарды төлөбөгөндүгү тууралуу тастыкталган маалыматтар же талдоолор бар болсо;
• акциздик маркалардын болушун текшерүү бөлүгүндө акциздик товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыргандарга.
Ошондой эле ишкерлер арасында контролдук-кассалык машиналарды, эсеп-фактураларды жана накталай эмес төлөмдөр үчүн колдонулуучу жабдууларды (банк карталары, электрондук акчалар жана улуттук стандарттагы QR-коддор) колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү чаралары көрүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын нормаларын колдонууда, анын ичинде эсеп-фактураларды жана контролдук-кассалык машиналарды пайдалануу боюнча ишкерлерге ар тараптуу көмөк жана практикалык жардам көрсөтүлөт.