www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун аймагында жана республика боюнча аба ырайынын начарлашына байланыштуу 22–23-январь күндөрү кар жаашы күтүлүүдө. Кар жаашы, жолдордо муз катмарынын пайда болушу жана көрүнүштүн начарлашы жол кыймылын кыйла татаалдаштырат. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Мындай жагдайда ички иштер органдары автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын өзгөчө сак болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Чүй облусунун ИИББнын маалыматына ылайык, айрым автожол тилкелеринде жол кырдаалы өзгөчө оор болууда. Тактап айтканда, Бишкек–Ош автожолунун “Төө-Ашуу” ашуусунда кар жаап, туман түшүп, жол тайгак абалда. Мындан тышкары, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Кемин райондорунун айланып өтүүчү автожолдорунда, ошондой эле тоолуу аймактарда муз катмары пайда болуп, унаа кыймылынын татаалдашы байкалууда.

Ушуга байланыштуу айдоочуларга төмөнкүдөй сунуштар берилет:

• белгиленген ылдамдык режимин сактоо жана унаалардын ортосунда коопсуз аралыкты кармоо;

• кескин манёвр жасоодон, капыс тормоздоодон жана ашып өтүүдөн алыс болуу;

• жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын, өзгөчө тормоз системасын, жарык берүүчү шаймандарды жана айнек тазалагычтарды текшерүү;

• мүмкүн болушунча аба ырайы турукташканга чейин алыс сапарларга жана тоолуу аймактарга чыгууга убактылуу кармана туруу.

Чүй облусунун ИИББы жөө жүргүнчүлөрдү да жолдон өтүүдө өзгөчө этият болууга, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана караңгы убакта же көрүнүш начар шарттарда жарык кайтаруучу элементтерди колдонууга чакырат.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыздар!

Ички иштер органдары эскертет: жолдогу коопсуздук ар бир жол кыймылынын катышуучусунан көз каранды.

 

Последние новости