www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу багытындагы программаларынын алкагында Чүй облусунда энергетикалык объектилерди куруу жана модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылууда.

Сокулук районунун Ак-Жол аймагында жайгашкан жаңы 110/35/10 кВ «Манас-2» көмөк чордонунун курулушу Бишкек шаарынын Фучик көчөсү жана Түндүк айланма жолунун айланасындагы аймактардын активдүү өнүгүшүнө байланыштуу жүргүзүлүүдө. Бул аймакта жаңы турак жай конуштары, социалдык объектилер, ошондой эле чакан жана орто бизнес ишканалары курулуп жаткандыктан, кошумча электр кубаттуулугуна муктаждык жаралууда.

Учурда аталган аймакта бош электр кубаттуулуктарынын тартыштыгы байкалууда. Бул жаңы керектөөчүлөрдү кошуу жана инфраструктураны андан ары өнүктүрүүдө кыйынчылыктарды жаратууда. Ушуга байланыштуу «Манас-2» көмөк чордонунун курулушу сапаттуу жана туруктуу электр менен камсыздоону камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Азыркы тапта объектте даярдык жана жер иштери жүргүзүлүп, жерге туташтыруу контуру орнотулууда.

Долбоордун алкагында кубаттуулугу 16 МВА болгон бир күч трансформаторун орнотуу каралган. Жаңы энергообъект 2,6–3 миңге жакын абонентти туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылып, келечектеги электр керектөөнүн өсүшү үчүн кошумча резервдик кубаттуулукту түзөт.

«Манас-2» көмөк чордонунун ишке кириши төмөнкү калктуу конуштардын электр менен камсыздоо сапатын жана ишенимдүүлүгүн жакшыртат: Ак-Жол, Манас, Комсомол, Ат-Башы айылдары, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортун жана курулуп жаткан «Семетей» жаңы конушун ишенимдүү электр менен камсыз кылат.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу төмөнкү иштеп жаткан энергообъектилердин жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет: ▪️ 110/35/10 кВ «Ботбаева» көмөк чордонун;
▪️ 110/35/10 кВ «Манас» көмөк чордонун;
▪️ 35 кВ «Ботбаева – Военно-Антоновка» аба чубалгысын;
▪️ 35 кВ «Манас – Ат-Башы» аба чубалгысын;
▪️ 35/10 кВ «Учхоз» көмөк чордонун;
▪️ 35/10 кВ «Ат-Башы» көмөк чордонун;
▪️ «Манас», «Ат-Башы» жана «Учхоз» көмөк чордондорунан чыккан 10 кВ аба чубалгыларын.

Жаңы көмөк чордонду туташтыруу үчүн жалпы узундугу 3–4 чакырым болгон 110 кВ жана 35 кВ аба электр берүү чубалгыларынын курулушу да каралган.

«Манас-2» көмөк чордонунун курулушу Чүй облусунун энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп, аймактын энергосистемасынын туруктуулугун жогорулатат, өнөр жай жана социалдык өнүгүүгө шарт түзөт жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө болот.
 

Последние новости