www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Челектор морена-мөңгү комплексинде жүргүзүлгөн илимий экспедициянын жүрүшүндө жогорку тоолуу аймактардагы мөңгүлөрдүн деградация процесси күчөп жатканы аныкталды.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын директору Даурбек Сакыев МЧСтин Кырсыктарды мониторингдөө жана болжолдоо департаментинин адистери жана Борбордук Азия университетинин өкүлдөрү менен биргеликте Челектор морена-мөңгү комплексине илимий талаа экспедициясын жүргүздү.

Изилдөөнүн негизги максаты — мөңгү комплексинин учурдагы абалын баалоо, анын өзгөрүү ылдамдыгын аныктоо жана жогорку тоолуу мөңгү системаларынын өзгөрүшүнө байланыштуу мүмкүн болгон жаратылыш коркунучтарын изилдөө болду.

Экспедициянын алкагында спутниктик маалыматтар талданып, дрондор аркылуу аэрофотосүрөткө тартуу, инструменталдык байкоолор жана аймакты деталдуу изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында акыркы он жыл ичинде олуттуу өзгөрүүлөр катталганы белгилүү болду:
ачык мөңгүнүн аянты 25,1 гектардан 14,8 гектарга чейин кыскарган (41% азайган);
мөңгүнүн алдыңкы бөлүгү 146 метрге артка жылган;
бирдиктүү мөңгү массивинин бөлүктөргө бөлүнүү процесси жүрүп, мөңгүнүн үстүн мореналык катмар каптап жаткандыгы аныкталган.

Адистер жер алдындагы муздун активдүү эрип жатканын да белгилешти. Изилдөө учурунда муз жарлары, термокарсттык чуңкурлар, мөңгү ичиндеги тоннелдер жана жаңы пайда болуп жаткан көлдөр табылган.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, жер алдындагы муздун эриши мореналык массивдин туруктуулугун төмөндөтүп, келечекте бийик тоолуу көлдөрдүн пайда болушуна жана алардын капысынан жарылып кетүүсүнөн улам сел коркунучунун жаралышына алып келиши мүмкүн.

Алынган маалыматтар Кыргызстандагы жаратылыш коркунучтарын баалоо жана алдын алуу иштеринде маанилүү роль ойнойт.

Последние новости