www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада "Бишкек, мен сени сүйөм" деген инсталляцияны талкалаган вандал изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, колго түшүрүлгөн адам 27 жаштагы Нарын облусунун тургуну болуп чыкты. Вандализм фактысы 15-ноябрь күнү түнкү саат 2де Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде катталган.Борбор калаада "Бишкек, мен сени сүйөм" деген инсталляцияны талкалаган вандал изи сууй электе кармалды.

"Инсталляцияны талкалаган адамды Ленин РИИБинин милиция кызматкери изин суутпай кармаган. Ал кылганын буту ооруп, тез жардам чакырып, аны бир саат күткөнү менен түшүндүрдү. Дарыгерлер убагында келбегендиктен ал жинин чыгарыш үчүн инсталляцияны талкалап салган", — дешти милициядан.

Колго түшкөн адамга карата Кылмыш кодексинин 174-беренеси (Башканын мүлкүнө олуттуу зыян келтирүү менен аны атайылап жок кылуу, зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголду деп жазат Спутник кж.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости