www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» алтын кенин иштеткен Центерра Голд Компани өз үлүшүн сатканы жатканы жөнүндө сөздөр айтылууда. Алтурган бул жөнүндө компаниянын кызматкерлери айтып жатат. Мурдагы Өкмөт жаӊы келишимге кол койгон, бирок эмдигиче бюджетке акча түшө элек. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеӊеште 2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралып жатканын билдирди деп жазат Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой сөздөр бар экенин, Өкмөттү акыркы келишимдин шарттары канааттандырбай турганын, келерки аптада Центерра Голд Компанинин жетекчилери менен жолугушуп, анын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр кайсы деӊгээлде болуп жатканы белгилүү болорун билдирди.

«Келишимдин шарттары канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды. Ал азыр биздин талаптарыбызды кароодо, ошондуктан сүйлөшүүлөр качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз. Кыскасы, келишим азырынча күчүнө кире элек, анда биз аткара турган да, компания аткара турган да талаптар бар», - деген жообун берди өкмөт башы.

Депутат Айсулуу Мамашова «Центерра Голд Компани менен түзүлгөн акыркы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына таптакыр дал келбей турганын баса белгиледи. «Бул келишимге кол коюлгандан кийин, мөӊгүлөрдү бузууга жол бере турган мыйзамга да кол коюлуп, мөӊгүлөрдү жок кылууга жол ачып бердик. Мындайча айтканда, биз баарын аткардык, ал эми компания өз милдеттенмелерин азыркыга чейин аткарган жок», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости