www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш чокусунда, жети миң метрдей бийиктикте калган альпинист Наталья Наговицынанын уулу орус бийликтеринен апасын куткарууну суранды.

Жеңиш чокусунда бутунан жаракат алган Наговицынаны куткаруу операциясы кечээ расмий түрдө аяктап, дайынсыз жоголду деген бүтүм чыгарылды.

Бирок альпинисттин уулу Михаил буга макул эместигин билдирди. Ал апасынын көп жылдык тажрыйбасынын жана бекем ден соолугунун негизинде анын тирүү экенине ишенет.

Михаил куткаруу операциясын уюштуруу өтүнүчү менен Россия Федерациясынын Башкы прокуроруна, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысына жана Орусиянын Кыргызстандагы элчисине кайрылган.

Белгилей кетсек, орусиялык альпинист Наталья Наговицына Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан Жеңиш чокусуна чыгып, 12-августта түшүп келе жатканда буту сынган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, шериги ага биринчи жардам көрсөтүп, коопсуз жайга алып барып, жардам чакыруу үчүн лагерге түшкөн. Эртеси италиялык жана германиялык альпинисттер жардамга чыгып, тамак-аш, жылыткыч, газ балон, чатыр жана уктоочу баштык жеткиришкен. Бирок катаал аба ырайына байланыштуу Натальяны түшүрө алышкан эмес. Лагерге бараткан жолдо италиялык альпинист Лука Сингальянын ден соолугу начарлап, 15-августта 6900 метр бийиктикте каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал суукта көп жүрүп калып мээси шишип кеткен.

Наговицынаны акыркы жолу 19-августта дрон менен тирүү экенин көрүшкөн. Ошондон бери аны менен байланыш болгон жок. 

Последние новости