www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте курулуш компаниясы айыпка жыгылды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти курулуш кранын кооптуу пайдалануу боюнча түшкөн кайрылуунун негизинде текшерүү жүргүздү.

Текшерүү Бишкек шаарынын Юдахин көчөсү 64 дарегинде жайгашкан 19 кабаттуу турак үйдүн курулуш объектисинде жүргүзүлдү. Учурда анда 16-кабатта жумуштар аткарылууда.

Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш материалдарын ташууга арналган крандын түздөн-түз багыты боюнча пайдаланылбагандыгы, ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулардын бири тарабынан кранга чыгуу фактысы аныкталды. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдеринин одоно бузулушу болуп саналат.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кент Строй” ЖЧКсына карата 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштерин белгиленген ченемдерге ылайык жүргүзүү боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, объекттин прорабынан жазуу түрүндө түшүнүк кат алынып, эскертүү берилди. Ал эми техникалык көзөмөл адисине карата 17 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кран машинистин күбөлүгүнөн ажыратуу маселесин кароо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга расмий кат жөнөтүлүүдө.

Последние новости