www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониялык компаниялар Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Япониянын ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, энергетика, IT жана логистика багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстанда Toyota компаниясынын расмий борборун ачуу жана логистикалык борборлорду куруу үчүн япон инвесторлорун тартуу сунушталды.

Маматалиев япон ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга жана өндүрүш ишканаларын ачууга чакырды.

Последние новости