www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурордун биринчи орун басары Ч. Ахматов Азербайжандын Башкы прокурору Камран Алиев менен жолугушту. Жолугушуу Ахматовдун Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин III министрлик жолугушуусуна катышуу үчүн Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Тараптар эл аралык укуктук жардам көрсөтүү, кылмышка шектүүлөрдү издөө жана экстрадициялоо, коррупцияга жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле прокуратура органдарын санариптештирүү, киберкоопсуздук жана электрондук далилдер менен иштөө боюнча тажрыйба алмашууга көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматташтыгын кеңейтүү, укуктук жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана түз жумушчу байланыштарды өнүктүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Последние новости