www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ички иштер министрлиги жабык медреселерде өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук болушу мүмкүн деген маалыматтардан кийин сотко чейинки тергөөнү баштады. Бул мыйзамсыз аракеттерге диний ишмер Исматулла Максумду диний жамааттын мурдагы мүчөлөрү айыптап жатышат. Бул тууралуу Ulysmedia.kz маалымдады.

Диний жамааттын мурдагы мүчөсү Акылбек Жумабеков жаштардын бири ага диний насаатчы тарабынан кысым көрсөтүлгөнүн жана коркутуулар болгонун айтып бергенин билдирген. Анын айтымында, буга чейин да башка жигиттер ушундай окуялар тууралуу айтып келишкен.

Казакстандын ИИМи бул маалыматтар кылмыш ишинин алкагында текшерилип жатканын тастыктады. Бирок тергөөнүн чоо-жайын ачыктаган жок.

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Исматулла Максум жана анын тарапташтары уюмга тиешеси жок экенин билдирди.

Последние новости