www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын базасында уюштурулду.

Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулу жана кызматтын ардагерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын скверине орнотула турган өрт өчүрүүчү унаа-эстеликтин бет ачары болуп, ал бир нече муун өрт өчүрүүчүлөрү менен куткаруучуларынын эрдигинин символу экени белгиленди.

Өз сөзүндө шаар мэри Айбек Джунушалиев кызматкерлерди жана ардагерлерди куттуктап, өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын эмгеги чоң жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана кайраттуулукту талап кыларын айтты.

Мындан тышкары, борбор калаа башчысы ӨКМдин шаардык башкармалыгынын скверин толук реконструкциялоо пландары тууралуу маалымат берип, анын алкагында коомдук жай жаңыланып, футбол аянтчасы жана эс алуу үчүн жаңы объектилер куруларын билдирди.

Белгилей кетсек, 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ведомствонун 100 жылдыгын, куткаруу кызматынын 35 жылдыгын жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 25 жылдыгын белгилөөдө.

Последние новости