www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында жол-транспорттук инфратүзүмдү оңдоо иштерине байланыштуу Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 16-июнунан тартып Иманалиев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Белгиленгендей, чектөөлөр оңдоо иштерин коопсуз жүргүзүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө сапаттуу аяктоо максатында киргизилип жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылынын убактылуу өзгөртүлгөн схемасын эске алууга чакырды.
Мекеменин маалыматы боюнча, жүргүзүлүп жаткан иштер шаардагы жол тармагын модернизациялоого, жол коопсуздугун жогорулатууга жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган.
Ошондой эле шаар бийлиги оңдоо иштерине байланыштуу жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.