www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүүгө даярдык иштери улантылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр үчүн учурда жол акысын төлөөнүн бир нече ыңгайлуу ыкмасы жеткиликтүү. Алардын катарына «Тулпар» транспорттук картасы, банктык карталар жана QR-код аркылуу төлөө кирет.

Мэрия белгилегендей, накталай эмес төлөм системасын киргизүү жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жүргүнчүлөрдүн түшүп-чыгуу убактысын кыскартат.

Ошондой эле айдоочулардын жол кире кабыл алууга алаксышын алдын алып, коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

«Тулпар» транспорттук картасын шаардагы атайын сатуу түйүндөрүнөн сатып алууга жана төлөм терминалдары же мобилдик тиркемелер аркылуу толуктоого болот.

Системаны ишке киргизүүгө даярдык көрүүнүн алкагында шаарда маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, жол киренин төлөнүшүн көзөмөлдөө үчүн контролёрлордун иши да уюштурулат.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун накталай эмес төлөмдүн жеткиликтүү ыкмалары менен алдын ала таанышып, «Тулпар» транспорттук картасын алып коюуга чакырды.

Последние новости