www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчилиги аймактардагы түзүмдөрдүн жетекчилери менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук ички иштер башкармалыктарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана орун басарлары, ошондой эле полк, рота жана взвод командирлери катышты.

Жыйында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана Көчмөндөрдүн VI дүйнөлүк оюндарын өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Жетекчилик кызмат өтөөнүн сапатын жогорулатуу, жол кырсыктарынын алдын алуу, күч жана каражаттарды туура бөлүштүрүү жана кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле өздүк курам арасында кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо, жарандар менен баарлашууда жогорку маданиятты камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.

ЖКККББнын жетекчилиги алдыдагы маанилүү иш-чараларга байланыштуу кызматтык даярдыкты күчөтүп, коюлган тапшырмаларды так аткарууну талап кылды.

Последние новости