www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл январь айында жыйналган бажы төлөмдөрү көбөйдү. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуу учурунда билдирди. Маалыматка караганда, 2018-жылдын январь айында 2,8 миллиард сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулган. Кулматов бул пландалгандан 908 миллион сомго көп экенин белгиледи.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча, буга чейин Борбордук бажынын күн сайын чогулткан каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйгөн. Мурун алар күнүнө 1,5-2 миллион сомду түзсө, учурда бул сан 15 миллион сомго жеткен.

Премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматын реформалоо өкмөттүн негизги максаттарынын бири экенин билдирип, дагы мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.

Буга чейин өкмөт башчысы Исаков бажыдагы коррупцияны жоюуга аракет кыларын билдирген. Ошондон кийин Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Райымбек Матраимов кызматтан алынган эле - деп жазат "Азаттык"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости