www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Нурбек Мурпазылжанович, Иса Шейшенкуловичтин комитетте айткан сын-пикирин туура кабыл алдыңызбы?

–Ооба туура эле кабыл алам. Депутаттар өкмөттү сындап, мыйзамдарды чыгарып берип турса биз иштейбиз да. Ачуу сынга териккен жокмун. Анткени депутат кезимде мен деле сындап, тигиндей мындай кылгыла дкеп айтчумун.

-Жаз келе жатат, дыйкандарга жок дегенде эмне эгүү пайдалуу экендигине сунуш берип жатасыңарбы?

-Азыр атайын окутуулар жүрүп жатат. Жазга чейин бул иштин баары бүтсө, дыйкандарга карата эмне эксе пайдалуу боло тургандыгы боюнча кеңеш беребиз.

-Министрликте 5 миң кызматкер көп эмеспи? Же кылган ишиңердин дайыны билинбейт…

-Биздин кызматкерлер дагы Иса Шейшенкуловичке толугураак түшүндүрүп беришкен жок. 5 миң кызматкердин баары кабинетте олтурбайт. Алардын 80%ы суу чарбада иштешет. Суу чарбадагылар айылдын арыктарынын баарына жооп берет. Бир эле айылда мурап жок болсо дыйкандар бири-бири менен согушуп жатып калышат. Айта берсе мындай жумуштарыбыз таябай көп. Жасаган ишиңди көсөтчү дешсе көрсөтүп бере алчу иштерибиз бар.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости