www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда үй-бүлөгө каршы каракчылык жасалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, белгисиз адамдар түн ичинде унаа тетиктерин саткан, Арстанбап айыл-аймагынын тургунунун үйүнө кирип барышкан. Кол салгандар ишкерди, анын аялын жана 24 жаштагы уулун байлап салышкан. Коркутуп, бардык баалуулуктарды берүүнү талап кылышты. Акчаны алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалыматты тастыктады. Маалыматка ылайык, 7-августта саат 03:00 чамасында бет кап кийип жүргөн үч белгисиз адам Арстанбап айылынын 63 жаштагы тургунунун үйүнө кирип барып, тоноп кетишкен. Кол салгандар, алдын-ала маалыматтар боюнча, 25-30 жаштардагы адамдар. Алар үй-бүлө мүчөлөрүн сабап, курал менен коркутушкан. Натыйжада, алар кассадан 200 миң сом алып кетишкен.

Окуя болгон жерге Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-берене (“Каракчылык”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости