www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 10-августта Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусундагы Данияр Усенов (Данил Урицкий) жетектеген корпорацияга келип: “Укмуш! Космос!” деп мактаганын БелТА маалымат агенттиги жазып чыкты.

Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациянын (БУБК) курулушу 2018-жылы июлда башталган. Документтер боюнча Данил Урицкийге (Данияр Усенов) катталган. Бирок корпорациянын 20% үлүшүнө куруп жаткан кытайлык СITIC International Investments компаниясы ээлик кылат, долбоорун жасаган COFCO Corporation компаниясы 9% үлүшкө ээ. Андан сырткары Араб эмираттарынан жана Шотландиянын компаниялары да катышат. Корпорациядагы эң көп үлүшкө ээ Шотландиялык компаниянын ээси Асылбек Салиев.

Азыркы учурда Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы (БУБК) Минск облусунда 160 гектар жерге 733 миллион долларга заводдор комплексин куруп бүтүп бара жатат. Ал заводдордо аминокислота, комбикорм жана башка айыл чарба кошумчалары чыгарылат.

Кытайдын Эксимбанкы бул долбоор үчүн 628 млн доллар жеңилдетилген насыя берген.

Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясы Беларуста өндүрүлгөн 250 миң тонна буудайды кайра иштетип чыгып, продукцияларын дүйнөгө экспорттойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости